Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР: Волноваха шаары калыбына келтирилип, 5 кабаттуу үйдү куруу башталды. Видео

1-сентябрдан тарта мектептерди ачуу күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Россиянын региондору жана ведомстволору Украинанын аткылоосунан талкаланган Донецкинин Волноваха шаарында жай турмушту калыбына келтирүүгө жардам берет. Бул тууралуу райондук администрациянын башчысы Константин Зинченко РИА Новостиге билдирди.
Анын айтымында, көп кабаттуу эки турак жай, бир нече бала бакчалар, эки оорукана куруу пландалууда. Азыркы тапта шаарда беш кабаттуу үйдүн фундаментин куюп жатышат.
"Жашоо акырындап өз нугуна түшүүдө. 1-сентябрдан тарта мектептерди ачалы деп жатабыз. Ямал-Ненецк автономиялуу округу №4 мектеп менен Темир жол ооруканасын, Челябинск облусу №6 мектепти калыбына келтирет. Ал эми "Ростов" компаниясы райондук борбордук оорукананы оңдойт", — деп айтылган маалыматта.