Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Маалымат булагы: Николаевде Киев режимине ишенбегендердин кармалышы күтүлүүдө

Колго түшүрүлгөндөр түпкү тегин аныктаган лагерлерге жөнөтүлөрү айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Украинанын Коопсуздук кызматындагы ишенимдүү маалымат булактар Россия менен байланышы бар жана Киев режимине ишенбеген жарандарды аныктап, "тазалоо" боюнча Николаев шаарында масштабдуу операция даярдалып жатканын айтты. Бул тууралуу РИА Новостиге Россиянын күч түзүмдөрүндө иштегендердин бири билдирген.
"Ишенимдүү маалымат булактардын кабарлаганына караганда, "тазалоо" операциясы жакынкы 10 күндүн ичинде болот. Анда күч түзүмдөр үйлөрдү, көчөлөрдү кыдырып, жарандардын телефондорун текшериши күтүлүүдө. Ошондой эле алардын Россияда дос, туугандары бар-жогун териштириши ыктымал", — деди агенттиктин маектеши.
Бул максатты ишке ашыруу үчүн Киев жана Украинанын Батыш облустарынан Николаев шаарына Коопсуздук кызматынын 50дөн ашык кызматкери барганын кабарлаган. Колго түшүрүлгөндөрдүн түпкү тегин аныктаган лагерлерге жөнөтүлөрү айтылды.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Атайын операция башталгандан бери 2,9 млн. украиналык Польша аркылуу кайтып келди