БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын жогорку окуу жайларында бир нече кесипти айкалыштырган адистерди даярдоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине ведомство жетекчиси Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Министрдин айтымында, бул боюнча сынамык долбоор ишке киргени турат.
"Алгач, педагогдордон баштоону чечтик. Мисалы, бир эле мугалим химия, биология, география сабактарын берүүгө даярдалат. Азыр аларды окута турган кафедралар негизделүүдө", — деди ал.
Ошондой эл Бейшеналиев актуалдуулугун жоготкон кесиптер оптимизацияланып, талап күчөгөн жаңы кесиптерге басым жасаларын кошумчалады.