Радио

Аскарбеков: медицинадан ишкерликке өтүү өтө деле кыйын болгон жок

Ишкер, инвестор, насаатчы жана сатуу боюнча адис Али Аскарбеков медицинага 11 жылын арнап, ал эми акыркы төрт жылдан бери ишкерликке аралашканын айтты.
Sputnik
Алгач Ош шаарында стоматология адистигинде окуп, кийин Бишкекке келип балдар педиатриясы боюнча билим алып, кызыл диплом менен бүтүрдүм. Дарыгерлик кесипти ата-энемдин тарбиясы, алардын көрсөткөн багыты боюнча тандап алгам. Себеби кичинемден бери "балам, элге жардам берип, кызмат кыл" деген кеп-кеңешин айтып келген. Атамдын иниси күчтүү дарыгер болгондуктан ал да бизге үлгү болду. Үйдүн кичүүсү болгондуктан ата-энемдин сөзүн эки кылган жокмун. Бул тууралуу Али Аскарбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кесип алмаштыруудан эч качан коркпош керек.
"Мага дарыгерлик кесип аябай жагат, бирок иш учурундагы атмосфера оор, негативдүү окуялар, мисалы, балдардын өлүмү сыяктуу көрүнүштөн улам бул тармак меники эмес экенине ынандым. Башында дарыгер, анан башкы дарыгер болом, кийин клиникамды ачам деген ойдо болчумун. Бирок чыныгы жашоодо мыкты, эң күчтүү дарыгер болсоң дагы оорукана ачуу мүмкүнчүлүгү төмөн экенин билдим. Ал эми ишкер болуп клиника ачуу алда канча жеңил экенин ушул сферага аралашкандан бери түшүндүм. Себеби көп инвесторлор менен сүйлөшө баштадым. Реалдуу сунуштар, сүйлөшүүлөр болду. Учурда элге жардам берүү деген миссиям ошол бойдон калды. Ошондуктан медицинадан ишкерликке өтүү кыйын болгон жок. Медицинага 11 жылымды арнадым, ал эми акыркы төрт жылдан бери ишкерликке аралашып, өзүмө жакын жумуш менен алектенип жатам", — деди Аскарбеков.