Пресс-борбор

Кыргызстанда туристтик сезон кандай деңгээлде өтүп жатат? Департаменттин жообу

Кенжематованын айтымында, коронавирустук чектөөлөрдүн алынышы, чек аралардын ачылышы жана Кыргызстандын туристтер үчүн ачыктыгы турсезонго оң таасирин тийгизип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жайкы туристтик сезон кандай өтүп жатканын Туризм департаментинин директорунун орун басары Кыял Кенжематова Sputnik агенттигинин мультимедиалык маалымат борборундагы брифингде айтып берди.
Ал белгилегендей, быйыл жайкы туристтик сезонду уюштуруу оңойго турган жок. Себеби дүйнө дагы деле коронавирус пандемиясынын кесепеттеринен жабыркап келет. Адистин айтымында, бир эле туристтин эс алуусун уюштуруу үчүн бир жыл алдыга коюлган комплекстүү план керек.
"Быйылкы турсезонду уюштурууга биздин канчалаган жарандар катышты. Президент менен министрлер кабинети да жардам берди. Биз колдоону сезип жатабыз. Быйыл туристтик сезон жакшы башталды. Учурда Ысык-Көлдүн пляждары толуп калганын көрүп жатабыз. Азырынча уюштуруу иштери ийгиликтүү өтүүдө", — деди Кенжематова.
Ал белгилегендей, коронавирустук чектөөлөрдүн алынышы, чек аралардын ачылышы жана Кыргызстандын туристтер үчүн ачыктыгы турсезонго оң таасирин тийгизип жатат. Бирок авиабилеттердин кымбаттыгы сыяктуу айрым көйгөйлүү дагы маселелер бар.
"Туристтик коопсуздук жана экологияга байланыштуу маселелер боюнча кемчиликтерди жоюш керек. Бизге коопсуз эс алууну камсыздаган механизмдердин жаңы стандарттары керек", — деди адис.
Кенжематованын айтымында, туризмди өнүктүрүү үчүн, мындан тышкары, адам ресурсу жетишпей жатат. Мисалы, секторду санариптештирүү, туристтик маркетинг, SMM багытындагы адистер зарыл.
"Туризм сектору боюнча саясатты Маданият министрлиги Туризм департаменти аркылуу иштеп чыгат. Бизде бүтүндөй бир мамлекетке 11 эле кызматкер иштейт. Мисалы, коңшу Өзбекстандын Туризм министрлигинин борбордук аппаратында эле жүздөн ашык адам бар. Өлкө боюнча кызматкерлердин саны миңден ашат. Маселелерди чечүү үчүн биздин дагы штат көбөйтүлсө жакшы болмок", — деди ал.
Кенжематова Туризм департаментине жергиликтүү мамлекеттик башкаруу системасында аймактык структуралар керек экенин белгиледи.
"Аймактардын туристтик чоң потенциалы бар. Ар бир аймакта, керек болсо ар бир райондо "бул маселени, тиги маселени чечиш керек" деп бизди "камчылап" турган адистер керек. Штат чектүү болгондуктан көп маселелер калып кетип жатат", — деди ал.
Пресс-борбор
Быйыл Кыргызстанга кайсы өлкөдөн туристтер көп келип жатканы айтылды