Кыргызстанда бир айга жетпей 70 тонна кара куурай жок кылынды

Баңгизатты жок кылуу үчүн 2 023 адамдан турган 148 бригада түзүлүп, 2 069 гектар жер изилденген.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. – Sputnik. Июль айынын башынан бери Кыргызстанда 70 тонна 118 килограмм кара куурай өрттөлүп, жок кылынды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, өлкөдө ар жылы ушул маалда "Кара куурай" жана "Канал-Невский щит" операцияларынын алкагында алдын алуу иш-чаралары өткөрүлөт.
ИИМдин билдирмесине караганда, кара куурай өсүмдүгүн жок кылуу үчүн 2 023 адамдан турган 148 бригада түзүлүп, 2 069 гектар жер изилденген. Анын ичинде 86 гектарда өскөн 70 тонна 113 килограмм кара куурай орулуп, өрттөлгөн.
Алдын алуу иш-чараларын өткөрүү учурунда милиция кызматкерлери тарабынан баңгизатка байланышкан жети кылмыш аныкталган. Анда мыйзамсыз жүгүртүүдөгү 14 килограмм 503 грамм баңгизат жана психотроптук заттар алынган.
Бишкекте милиционерлер 7,5 млн. сомдук баңгизат табышты