Радио

Маматкулова: кино тартууга жаштардын кызыгуусу күчөдү

Кинорежиссёр, сценарист Наргиза Маматкулова 2000-жылдардын башында фестивалдарга катышкан кинофильмдердин саны абдан аз болгонун айтты.
Sputnik
Учурда кино тартууга жаштардын кызыгуусу күчөп, бир катар эл аралык конкурстарда байге менен кайткандардын саны арбыды. Мындай тенденция сандан сапатка өтүүгө жакшы тажрыйба болот. Бул тууралуу Наргиза Маматкулова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстанда кинодо адистердин жетишпестиги бүгүнкү күндө да уланууда.
"2000-жылдардын башында фестивалдарга катышкан кинолордун саны абдан аз болчу. Кыска метраждуу кино аянтчасы да бош болуп, фильмдер сейрек тартылган. Жылдан-жылга бул көрсөткүчтөр жакшырып, ушул күнгө жеттик. Учурда кино тартууга жаштардын кызыгуусу күчөп, бир катар эл аралык конкурстарда байге менен кайткандардын саны арбыды. Мындай тенденция сандан сапатка өтүүгө жакшы тажрыйба болуп жатат. Жаштар изденип, жаңы чечимдерди кабыл алууга, тобокелчиликтерге барууга белсене баштады. Бирок искусстводо кино тармагы каражатты көп талап кылган, коллективдүү сектор болгондуктан көп иштер акчага барып такалып калууда. Мындан тышкары, 90-жылдары экономикалык кыйынчылыкка байланыштуу кинодо жүргөн бир топ адистер акча табуу максатында чет өлкөлөргө чыгып кетишти, кээ бири башка тармакка баш койду. Ошол учурдагы кадрлык кризис бүгүнкү күнгө чейин уланууда. Мисалы, экинчи режиссёрлор жокко эсе. Мунун баары кинонун сапатына түз таасир этип жатат", — деди Маматкулова.
Ошондой эле адис жаш режиссёрлордун көбү балдар темасына кайрылып, өзү басып өткөн жолду чагылдырууга аракет кыларын кошумчалады.