Геморройду операцияга жеткирбей дарыласа болот. Проктолог Бектеновдун видеосу

Проктолог бейтаптар ооруканага канчалык эрте кайрылса, дартты айыктыруу ошончолук жеңил болорун эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Геморройду дарылоо жолдору тууралуу Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине Улуттук госпиталдын проктология бөлүмүнүн башчысы Ызакжан Бектенов айтып берди.
Адис геморройдун төрт стадиясы бар экенин, биринчи, экинчисинде операция жасабай айыктырып койсо болорун билдирди.
"Мисалы, латекс шакегин пайдалануу, инфракызыл нуру менен дарылоо ыкмалары бар. Дары-дармектерди да пайдаланабыз. Алардын жардамы менен кан агуу токтоп, геморрой акырындап жок болот. Ал эми үчүнчү, төртүнчү стадиясына өтүп кеткенде операция кылабыз. Эми операция деле оор эмес, ички геморройго лазердик ыкма колдонулат. Эгерде аралаш же ички-тышкы геморрой болсо хирургиялык жол менен дарылоого туура келет", — деди дарыгер.
Дарыгер бейтаптарды ооруп калса жүрө бербей, убагында кайрылууга чакырды.
Проктолог буга чейин дааратканага убагында барбаса ич ката турганын эскерткен.
Проктолог ич катуунун дарысын өз алдынча ичүүнүн кесепетин эскертти. Видео