Доллар менен евро бир аз кымбаттады. 22-июлга карата Бишкектеги кырдаал

Sputnik Кыргызстан негизги валюталардын курсу, бензин, дизель жана алтын куймаларынын баасы тууралуу күн сайын маалымат жарыялап турат. Бүгүн биз аларды бейшембидеги көрсөткүчтөрүнө салыштырдык.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Соңку бир сутканын аралыгында доллар менен евро кымбаттап, күйүүчү май жана алтын куймаларынын баасы өзгөргөн жок.
Бейшембидеги эртең мененки кырдаалга салыштырмалуу борбор калаада долларды сатып алуу да, сатуу да 14 тыйынга өстү. Ал эми евро 28 тыйынга көтөрүлдү. Рубль курсу менен теңгеде анча чоң эмес айырма болду.
Бензиндин баасы өзгөргөн жок. Алтын куймаларынын наркы да мурункудай бойдон калды.
Экономика министри: күйүүчү майды рубль менен алып жатабыз, баа ошондуктан өсүүдө