БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. "Солнцепёк" оор огнемёттук тутумунун Аскердик Батыш округунда Украинанын куралдуу күчтөрүнө чабуул коюп, биринин артынан экинчи снаряддарын учуруп жаткан видеосу тарады.
Россиянын Коргоо министрлиги аталган айбаттуу куралдын кармаш талаасындагы жүрүп бара жаткан жана ок чыгарган учурун көрсөттү.
Видеону Sputnik Ближнее зарубежье Telegram-каналы жарыялады.
"Огнемёттук оор системалар Аскердик Батыш округунда Украинанын куралдуу күчтөрүнүн позициясын бекемдеп алган жерлеринен аларды бутага алып, курал-жарак сактаган кампаларын жок кылууда. Аскерлер ок жаадыра турган жердин координаттарын пилотсуз учуучу аппараттардын жардамы менен аныктап жатат", — деп айтылган маалыматта.
ТОС-1А "Солнцепёктун" соккусунан окоп менен блиндажга жашынып аман калууга мүмкүн эмес. Термобардык аралашма абага чачырайт да, кубаттуу басымдын алдында температурасы 3000 градуска чыгып 200 килограммдык снаряд келип тийген жерин соо калтырбайт. Адистер мындай ысыктан болот калканычтар да эрип түшөрүн айтышкан.