Бишкекте 35 абоненттин газы эки күнгө өчөт. Дареги

Көгүлтүр отту берүүнү токтотуу оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июль. — Sputnik. 25-27-июль күндөрү борбор калаанын бир катар аймактарында газ берүү токтотуларын мэриядан билдиришти.
Көгүлтүр от Суванбердиев – Скрябин – Шүкүров – Белорусская көчөлөрү чектешкен жерлерде, 35 абоненттин үйүндө болбой тургандыгын кабарлашты.
Көгүлтүр отту берүүнү убактылуу токтотуу газ куурун жер алдынан өткөрүү жана оңдолуп-түздөлгөн газ түтүктөрүн кайрадан жаткыруу иштеринен улам болорун айтышты.
Радио
Абайлагыла, ушул тапта күн катуу ысыгандыктан өрт кооптуулугу жогору. ӨКМ эскертти