Бишкектеги 8-кичи райондо чыккан өрт өчүрүлдү. Видео

Жерине эки өрт өчүрүүчү унаа барган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкектеги 8-кичи райондон чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМ билдирди.
Алдын ала маалымат боюнча, өрт "Шаурма на мангале" деген тез татым жайынан чыккан.
"Жерине эки өрт өчүрүүчү унаа барды. Жалын саат 16:54тө чектөөгө алынып, саат 19:11де толугу менен өчүрүлдү", - деди ӨКМден.
Өрт чыккан тез татым жайы Жукеев-Пудовкин менен Саманчин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.
Радио
Абайлагыла, ушул тапта күн катуу ысыгандыктан өрт кооптуулугу жогору. ӨКМ эскертти