Сөз көтөрө албай... Бишкектин четинде автобуста бир жүргүнчү экинчисине бычак сайды

Шектүү кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголду.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Аламүдүн айылында коомдук транспорттогу киши аны менен кошо бир салондо кетип бара жаткан адамга кол салды. Бул тууралуу Чүй облустук ИИББ билдирди.
Милициянын маалыматына караганда, коомдук транспортто бара жаткан адам анын жүрүм-турумуна айтылган сынды көтөрө албай чуу чыгарган.
"Шектүү сын айткан кишини сабап, бычак менен төшкө сайган", — деди милициядан.
Жабыркаган адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Ал эми сөз көтөрө албаган жаран кармалып, Кылмыш-жаза кодексинин "Бейбаштык" беренеси боюнча иш козголгон.
Милиция: Кочкордо аялына бычак сайган киши өз жанын кыйды