Бишкектин борборундагы көчөнүн бир бөлүгү 1-октябрга чейин жабылат

25-июлда аталган участокто магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери башталат.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкекте Жукеев-Пудовкин көчөсү (Кулатовдон Лев Толстой көчөсүнө чейин) 1-октябрга чейин жабылат. Бул тууралуу "Бишкек жылуулук тармагы" ААКнын маалымат кызматы билдирди.
25-июлда аталган участокто магистралдык жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери башталат.
Аталган ишкана ыңгайсыздык үчүн айдоочулардан кечирим сурап, алдын ала альтернативалуу маршруттарды тандап алуусун суранат.
Бишкектеги көчөлөрдүн бири убактылуу жабылат. Карта