Бейшеналиев: ЖОЖдор бизнес аркылуу дагы киреше табууга үйрөнүшү керек

Министр Кыргызстанда мамлекеттик окуу жайлар арасында Медициналык академия менен ОшМУнун кирешеси жакшы экендигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар бизнес аркылуу дагы киреше табууга үйрөнүшү керек. Мындай пикирин Sputnik радиосунун эфиринде билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттик казынадан университеттерге каражат бөлүнбөйт. Андыктан окуу жайлардын негизги кирешеси — келишимдик негизде окуган студенттерден түшкөн акча.
"Университет студенттер төлөгөн акчаны гана карап отурбай, бизнес долбоорлор менен алектенип, мамлекеттик жана жеке буюртмаларды алып иштөөсү көпчүлүк өлкөлөрдө кадыресе көрүнүш. Мисалы, айтылуу Оксфорд университетиндеги жылдык кирешенин 82 пайызы коомдук жана мамлекеттик буюртмаларды аткаруудан келип түшөт экен. Биз ага жетпесек дагы ЖОЖдор кантип бизнес кылса болорун синтездеп көрүшүбүз зарыл", — деди министр.
Ошондой эле ведомство жетекчиси капчыктуу окуу жайларда кандай артыкчылыктар бар экенин айтты.
"Кыргызстанда мамлекеттик окуу жайлар арасында Медициналык академия менен ОшМУнун кирешеси жакшы. Аларда мугалимдердин айлыгы 50-60 миң сомго чейин чыккан учурлар бар", — деди Бейшеналиев.
Сөзүнүн соңунда министр реформадан кийин ЖОЖдорго өзгөчө макам берилсе, капиталын көбөйтүү мүмкүнчүлүгү дагы жогорулай баштаарын кошумчалады.
Кыргызстанда реформадан кийин мамлекеттик канча ЖОЖ калары айтылды