УКМК Азербайжандын жаранын жасалма акча сатып жаткан жеринен кармады

Кармалган кишинин убактылуу жашаган жерин тинткенде 17 400 доллар жасалма акча табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Бишкекте 3800 доллар өлчөмүндөгү жасалма акчаны сатуу учурунда Азербайжандын жараны М.Ш.Г. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, борбор калаада Эл аралык террордук уюмду каржылоо үчүн ири өлчөмдөгү жасалма акча сатып жаткан кылмыштуу топтун жашыруун ишмердүүлүгү боюнча маалымат түшкөн.
Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кечээ, 21-июль күнү, шектүү кармалган. Анын убактылуу жашаган жерине тинтүү жүргүзгөндө 17 400 доллар жасалма акча табылган.
Азыркы учурда М.Ш.Г. УКМКнын тергөө абагына киргизилип, кылмышка тиешеси бар башкаларды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иштери жүргүзүлүүдө.
Бала бакчага документ жасап берем деген. Шектүү аял кармалды