Ат-Башыда дары чөптөрдөн май чыгаруучу ишкана ачылды. Сүрөт

Өндүрүштүн ишке киришине эл аралык уюмдар колдоо көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 22-июл. — Sputnik. Нарындын Ат-Башы районунда эфир майын чыгара турган өндүрүш ишканасы ишке кирди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
1 / 6

Нарындын Ат-Башы районунда эфир майын чыгара турган өндүрүш ишканасы ишке кирди

2 / 6

Ишканада 10 жумуш орду түзүлгөн, сезон убагында 35 адам жумушка тартылат

3 / 6

29 чөптүн түрү, 10 чөптүн жыйындысы чыгарылып, дарылык касиети бар уруктардын эфир майы өндүрүлөт.

4 / 6

Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты

5 / 6

Өндүрүш Япониялык эл аралык кызматташуу агенттигинин (JIKA) "Бир айыл - бир продукт" жана "Жакыр үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылуу" долбоорунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун "Азык-түлүк программасынын" материалдык, техникалык колдоосу менен кеңейтилип, май чыгаруучу жабдуулар алынган

6 / 6

Ал эми ата мекендик ассоциациялардын бири толук реконструкциялоо иштери жүргүзүп, жабдуулар менен камсыздаган.

Ишканада 10 жумуш орду түзүлгөн, сезон убагында 35 адам жумушка тартылат. 29 чөптүн түрү, 10 чөптүн жыйындысы чыгарылып, дарылык касиети бар уруктардын эфир майы өндүрүлөт.
Ачылыш аземине жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Өндүрүш Япониялык эл аралык кызматташуу агенттигинин (JIKA) "Бир айыл - бир продукт" жана "Жакыр үй-бүлөлөрдү жумуш менен камсыз кылуу" долбоорунун жана Бириккен Улуттар Уюмунун "Азык-түлүк программасынын" материалдык, техникалык колдоосу менен кеңейтилип, май чыгаруучу жабдуулар алынган. Ал эми ата мекендик ассоциациялардын бири толук реконструкциялоо иштери жүргүзүп, жабдуулар менен камсыздаган.
Каракол шаарында жаңы мал базар ишке кирди. Сүрөт