Чек ара, суу маселелери... Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон жолукту

Президенттер эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду үзгүлтүксүз улантууга токтолушкан.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Анда кыргыз-тажик эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери, ошондой эле региондун жана эл аралык алкактын күн тартибинде турган маселелер талкууланган.

"Атап айтканда, Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын ишин активдештирүү боюнча макулдашкан. Ошону менен бирге өлкө лидерлери чек ара аймактарындагы трансчек аралык дарыялардын суу ресурстарын өз ара натыйжалуу пайдалануунун жана бул багытта кызматташууну жандандыруунун маанилүүлүгүн белгилешкен", — деп жазылган маалыматта.

Тараптар суу ресурстарын колдонуу боюнча эки тараптуу маселелерди кароо жаатында ведомстволор аралык кыргыз-тажик жумушчу тобунун ишин улантуу чечимине келишкен.
Президенттер эки мамлекеттин жана эки элдин ортосундагы ынак коңшулук мамилелерди чыңдоо максатында саясий диалогду үзгүлтүксүз улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушкан. Тараптардын кызыкчылыктарын эске алып, маселелерди саясий-дипломатиялык сүйлөшүүлөр аркылуу тынчтык жолу менен чечүү зарылдыгын белгилешкен.
Борбор Азия президенттери Ысык-Көлдө кол койгон документтердин тизмеси