WhatsApp жаңылыгы: Android жана iPhone ортосунан маалыматтарды өткөрсө болот

Буга чейин WhatsApp мессенджерин операциялык системалардын ортосунда маалыматтарды көчүрүү опциясы жок деп сындап келишкен.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. WhatsApp мессенджери iOS жана Android операциялык системаларынын ортосунда маалыматтарды биринен-бирине өткөрүүгө, алууга шарт түздү. Анын инструкциясы мессенджердин сайтында жазылган. Бул тууралуу РИА Новости маалымдады.
Опция азырынча Android системасынан iPhone түзмөгүнө өткөрөм дегендерге жеткиликтүү. Бул үчүн атайын программалык камсыздоону (Software) көчүрүп, эски камсыздоолорду жаңы версияларга алмаштырыш керек. Андан кийин WhatsApp мессенджерине алгач катталган эски номерди салып колдонууга болот.
Ушундай жол менен маалыматтарды, профилдеги сүрөттөрдү, жеке жана тайпалык чаттарды, жазышууларды, медиафайлдарды өткөрүп алууга болот. Бирок WhatsApp тиркемесиндеги чалуулар тууралуу маалыматты же төлөм жөнүндө билдирүүлөрдү импорттоого болбойт.
Буга чейин WhatsApp мессенджерин операциялык системалардын ортосунда маалыматтарды өткөрүп алуу опциясы жок деп сындап келишкен.
WhatsApp жаңылыгы. Жиберген билдирүүнү оңдосо болот