Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

"Урагандын" атайын операцияда колдонулган видеосу

Украинадагы атайын операция башталгандан тарта "Ураганды" Россия да, экинчи тарап да колдонуп келе жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Россиянын Коргоо министрлиги Украинанын борбордук округунда "Ураган" залптык октук реактивдүү тутумунун иштеп жаткан видеосун таратты.
Аскер адистер каршылаш тараптын координаттарын пилотсуз учуучу аппараттын жардамы менен алган.
Аны РИА Новости агенттигинин Telegram-каналы жарыялады
Маалыматта кадрлардын атайын операция учурунда тартылганы айтылган.
Андан аскерлердин снаряддардын кайсы жерге келип түшөрүн аныктап жаткан учурун көрүүгө болот. Андан кийинки кадрга эгин талаасынын чекесинде кетип бара жаткан аскердик объектиге снаряддын тийген учурлары түшүп калган.
9К57 "Ураган" — калибри 220 миллиметр болгон советтик "Ураган" залптык октук реактивдүү тутуму. Ал 35 чакырымга чейинки аралыктагы бутага мелжей алат. Советтик армиянын Афганистандагы согушунда, Россиянын Чеченстандагы биринчи жана экинчи кармашында, Түштүк Осетиядагы чатакта колдонулган курал. Украинадагы атайын операция башталгандан тарта "Ураганды" Россия да, Украина да колдонуп келе жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Айбаты көктү жарып. Украинада колдонулган "Искандердин" видеосу