"Түндүк агым" газ түтүгү ишин жандантты

11-21-июль аралыгында "Түндүк агымдын" иши профилактикалык жумуштарды аткаруу үчүн токтотулган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. – Sputnik. Nord Stream AG жана OPAL, NEL деп аталган газ транспорттук операторлордун маалыматтарына караганда, техникалык иштер соңуна чыккандан кийин "Түндүк агым" түтүгү аркылуу газ жеткириле баштады. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Nord Stream AG кабарлагандай, Москва убактысы боюнча саат 7:00дөн 8:00гө чейин газдын агымы 1,9 миллион кубометрди түздү. Ал эми европалык керектөөчүлөргө саатына 2,66 миллион куб метр, газдык сутка боюнча 63,9 миллион куб метр көгүлтүр от керектелет.
11-21-июль аралыгында "Түндүк агымдын" иши профилактикалык жумуштарды аткаруу үчүн токтотулган. Кээ бир Европа мамлекеттери иш соңуна чыккандан кийин газ жеткирүү токтоп калышы мүмкүн деп чочулап жатышкан.
Июнь айынын орто ченинде "Газпром" газ түтүгү аркылуу көгүлтүр отту сордурууну болжол менен 60 пайызга төмөндөткөн. Компания муну Siemens аттуу немец ишканасындагы иштин токтоп калышы менен түшүндүргөн. Буга Канаданын Россияга каршы салган санкцияларынан улам "Портоваядагы" турбинанын кайтарылбай жатышы себеп болгону белгиленген.
Июлдун башында көйгөй чечилген. Канада турбинаны Германияга берүүгө макул болгон. Ал эми Германия Россияга өткөрүп бермек. Бирок "Газпром" бүгүнкү күнгө чейин бул боюнча эч кандай документ ала электигин билдирди.
Россия газ жеткирүү көлөмүнүн төмөндөп кетишине санкциялар себепкер экенин айтып келет. РФ президенти Владимир Путин белгилегендей, "Газпром" өз милдеттерин так аткарууда жана газды канча болсо ошончо көлөмдө сордурууга даяр.
ЖМК: Брюссель европалыктарды эми газды үнөмдөөгө мажбурлап баштайт