Садыр Жапаров Түркмөнстандын президенти менен жолукту. Сүрөт

Сердар Бердымухамедов Кыргызстан менен соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташууну улантууга даяр экенин белгилеген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов менен жолугушканын президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 3

Мамлекет башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда, Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын башчысы Сердар Бердымухамедов менен жолугушканын президенттин маалымат кызматы кабарлады

2 / 3

Анда өлкө лидерлери эки жактын көп тараптуу жана соода-экономикалык кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан

3 / 3

Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркмөнстан жакын дос жана боордош өлкөлөр деген оюн айтып, кыргыз тарап Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары карап, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин кошумчалаган

Анда өлкө лидерлери эки жактын көп тараптуу жана соода-экономикалык кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
Жапаров бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркмөнстан жакын дос жана боордош өлкөлөр деген оюн айтып, кыргыз тарап Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары карап, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө маани берерин кошумчалаган.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, саммитте кабыл алынчу документтер аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүүгө көмөк көрсөтөрүнө ишеним артканын билдирген. Ал Кыргызстан менен эки тарапты тең кызыктырган бардык жаатта, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестициялык тармактарда кызматташууну улантууга даяр экенин кошумчалаган.
Көлгө келген Сердар Бердымухамедовду ак Gelendvagen менен тосуп алышты. Сүрөт