Көлгө келген Сердар Бердымухамедовду ак Gelendvagen менен тосуп алышты. Сүрөт

Жогорку даражалуу конокту өкмөт башчы тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2022-жылдын 20-21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди.
1 / 4

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2022-жылдын 20-21-июлунда Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди

2 / 4

Жогорку даражалуу конокту "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды

3 / 4

Бердымухамедов Кыргызстанга президент катары алгачкы ирет келип жатат

4 / 4

Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда

Жогорку даражалуу конокту "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.
Бердымухамедов Кыргызстанга президент катары алгачкы ирет келип жатат.
Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Ысык-Көлгө Эмомали Рахмон келди. Сүрөт