БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. "Талибан"* кыймылына карата биргелешкен жүрүм-турум линиясын иштеп чыгышыбыз керек. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров Борбордук Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жыйынында айтты.
"Бийликке талибдердин жана ал түзгөн өкмөттүн келиши катаал чындык. Бул багытта биргелешкен жүрүм-турум линиясын иштеп чыгышыбыз керек. Анын ичинде кошуна Афганистандын тынчтык жана туруктуу өнүгүү жолуна түшүү үчүн бардык күч-аракетибизди жумшаганыбыз оң", — деген Жапаров.
Мамлекет башчы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча Кыргызстан Афганистандын өкмөтү менен байланышта экенин айтып, ал жерде элчилик өз ишин улантып, Кабул жана Афганистандын Бадахшан аймагына гуманитардык жүк жеткирилгенин кошумчалаган.
"Биз Афганистандын жетекчилиги менен бир катар жолугушууларды өткөрдүк. Анын жүрүшүндө аймактык коопсуздуктун жана кызматташтыктын бир катар маселелери боюнча тынчсыздануубузду, ошондой эле Афганистан элинин кызыкчылыгында инклюзивдик өкмөт түзүүнүн маанилүүлүгүн билдирдик", — деген президент.
Садыр Жапаров Афганистанда тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу, афган элине керектүү гуманитардык жана экономикалык жардам көрсөтүү үчүн бири-бирибиз менен, өзгөчө БУУ жана региондогу мамлекеттер менен чогуу иш алып баруу керектигин белгилеген.
* Террордук аракеттери үчүн БУУнун санкциясы киргизилген уюм