БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Быйыл региондорду өнүктүрүү фонддоруна 2,1 миллиард сом берилет. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев билдирди.
Анын ичинен январь-июнь айларында 821,9 миллион сомго каржыланды.
"Быйыл региондорду өнүктүрүү фонддорду түзүү жана ага бюджеттен акча бөлүү маселеси коюлган. Мунун негизинде облус, район жана райондук маанидеги шаарларга тиешелүү фонддор түзүлгөн. Кен чыккан аймактарга аны иштеткен компаниялар тарабынан фондго каражат түшөт. Калганына республикалык бюджеттен беребиз", — деди министр.
Чүй, Нарын, Талас, Ысык-Көл жана Жалал-Абад облустарына кен байлыктарынын эсебинен 1 миллиард 185,5 миллион сом чегерилет. Ал эми Ош жана Баткен дубандарына республикалык бюджеттен 919,4 миллион сом каралган.