Рахмон: Борбор Азия өлкөлөрү үчүн эң кооптуу нерсе – диний радикализм

Тажикстандын президенти Борбор Азия өлкөлөрүндөгү соңку окуялар ар кандай күчтөрдүн регионду туруксуздаштыруу аракеттери болуп жатканына далил экенин айтты.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 21-июл. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрү үчүн эң олуттуу чакырык – диний радикализмдин кыйратуучу идеологияларын жайылтуу. Мындай пикирин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдирди.
Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда.
"Борбор Азия бардык дүйнөлүк күч борборлору үчүн маанилүү аймак бойдон калууда. Ал өнүгүүнүн татаал мезгилин баштан кечирүүдө. Дүйнөдөгү кырдаал тездик менен өзгөрүп, глобалдык оюнчулардын ортосундагы атаандаштык жана конфронтация күч алды. Дүйнөдө тартип дагы өзгөрүп жатат", — деди Рахмон.
Ошондой эле ал Борбор Азия өлкөлөрүндөгү соңку окуялар ар кандай күчтөрдүн регионду туруксуздаштырууга жасалган аракеттердин далили деген пикирин билдирди.
"Кээ бир күчтөр социалдык тармактардын жардамы менен биздин жарандарды нааразылык акцияларына тартууга аракет кылып жатышат. Мен эл аралык террорчулуктун "уктап жаткан ячейкалары" тууралуу көп жолу айттым. Алар каалаган учурда, сырттан келген активдүү колдоонун аркасы менен өзүн көрсөтө алышат. Бул процесс андан ары өнүгө берсе, ички кырдаалды туруксуздаштырып, реалдуу коркунучун жаратышы мүмкүн", — деди Рахмон.
Мындан тышкары, ал аймак өлкөлөрү кырдаалга ар дайым көз салып, бири-бири менен тыгыз байланышта болушу керек деп эсептейт. Ошондой эле Рахмон аймактагы радикалдык идеологиянын жайылышына каршы күрөшүү үчүн тиешелүү кызматтар аркылуу атайын механизмдерди түзүүнү сунуштады.
Борбор Азия өлкө башчыларынын саммитине Россия менен Кытайды чакыруу сунушталды