Мирзиёев чек арадагы соода аймактарын түзүүнү сунуштады. Анын милдети кандай?

Бүгүнкү күндө Борбордук Азиядагы регионалдык соода жалпы соода жүгүртүүнүн 5-10 пайызын гана түзөт.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 21-июл. — Sputnik. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Борбор Азияда чек арадагы соода аймактарын түзүүнү сунуштады.
Бул тууралуу ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусунда билдирди.
Өзбек лидеринин айтымында, көрсөткүчтөр жакшы деп бааланып жатканына карабастан, бүгүнкү күндө аймактардын ортосунда соода-сатык жалпы товар жүгүртүүнүн 5-10 пайызын гана түзүүдө.
"Буга байланыштуу өз ара сооданы стимулдаштыруунун жаңы механизмдерин киргизүү зарыл. Сөз товарларды жеткирүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболору боюнча бирдиктүү эрежелери бар, чек арадагы соода аймактарынын системасын түзүү жөнүндө болуп жатат", — деди Мирзиёев.
Ал үчүнчү өлкөлөрдөн келген кымбат жана дайыма эле сапаттуу боло бербеген импортту Борбор Азия республикаларынын өндүрүүчүлөрүнүн продукциялары менен алмаштыруу керектигин айтты.
Борбор Азия өлкө башчыларынын саммитине Россия менен Кытайды чакыруу сунушталды