Токаев: Борбор Азияда атылган ар бир октун үнү бүт аймакка оор болуп жаңырып турат

Токаевдин айтымында, мамлекеттердин лидерлери аймактагы туруксуздуктун факторлорун жок кылуу үчүн бардык аракетин жумшашы керек.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 21-июл. — Sputnik. Акыркы жылдары аймактык кызматташтык бардык деңгээлде бекемделди. Мындай пикирин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев билдирди.
Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда.
Токаевдин айтымында, мамлекеттердин лидерлери аймактагы туруксуздуктун факторлорун жок кылуу үчүн бардык аракетин жумшашы керек.
"Чек араларда атылган ар бир октун үнү тиешелүү мамлекеттерге гана эмес, бүтүндөй регионго оор болуп жаңырып турат. Андыктан бүгүнкүдөй кризистик шартта биздин өлкөлөр карама-каршылыктарды цивилизациялуу жол менен жеңип, биримдиктин үлгүсүн көрсөтүшү керек", — деди Токаев.
Ал талаштуу маселелерди тынчтык жолу менен гана чечсе болорун баса белгиледи.
"Башка альтернатива жок. Бул көйгөйлөрдү кечиктирүү же көз жаздымда калтыруу эскалацияга алып келет", — деди ал.
Токаев Казакстан делимитацияга көмөктөшүүгө даяр экенин айтып, делимитация жана демаркация боюнча өз ара алгылыктуу ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн эксперттик платформа түзүүнү сунуштады.
Көлгө келген Сердар Бердымухамедовду ак Gelendvagen менен тосуп алышты. Сүрөт