Караколго 2000 орундуу маданий борбор курулат. Төрт эскиз талкууга коюлду

Мекеме жылдын төрт мезгилинде конокторду кабыл алууга ылайыкталып салынат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Каракол шаарында 2000 орундуу маданий борбор курулат. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.
20-июль күнү борбордун долбоорун иштеп чыгуу боюнча жарыяланган сынакка келип түшкөн эскиздер талкууланган. Маданий борбор Каракол шаарындагы Карасаев көчөсүнө курулуп, төрт гектар аянтты ээлейт.
Бул жер бир гана концерттик же спорттук иш-чараларды өткөрүүчү зал эмес, ичинде конференц-залдар, китепкана, кофейня, балдар аянтчасы да болору айтылды. Маалымат кызматы аталган жайдын жылдын төрт мезгилинде конокторду кабыл алууга ылайыкталып салынарын кошумчалады.
Каракол шаары КМШнын маданий борбору макамын алды. Салтанаттан видео