Бетме-бет кагышкан. Жол кырсыгынан ИИМдин майору көз жумду. Видео

Адам өмүрүн алган жол кырсыгы 19-июль күнү болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдө автокырсыктан Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы иш алып баруу боюнча кызматтын бөлүм башчысы, майор Улукбек Балагазыев көз жумду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
ЖКККББ буга чейин кырсыктын видеосун жарыялаган.
Жол кырсыгы 19-июль күнү Балыкчы — Каракол жолунун 54-чакырымында болгон. Ысык-Көл ОИИБдин маалыматы боюнча, Volkswagen Passat үлгүсүндөгү автоунаа жолдун каршы тилкесине чыгып кетип, Daewoo Ravon Nexia менен кагышкан. Каршы тилкеге чыккан биринчи автоунаанын айдоочусу оорукананын жандандыруу бөлүмүндө экени айтылды. Ал эми Балагазыев экинчи автоунаада болгон.
Көз жумган ИИМ кызматкери быйыл октябрь айында 36 жашка чыкмак.
Министрлик майор Ысык-Көлдө кызматтык милдетин аткарып жүргөнүн кошумчалады.
Ысык-Көлдө кайгуул автоунааларын коюп кеткен ЖАК кызматкери иштен бошотулду