Радио

Колду жуубай калдыкпы? Бишкекте ичеги-карын оорулары көбөйүүдө

Бишкек шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун дарыгер-эпидемиологу Перизат Анарбекова өлкөдө дизентерия, сальмонеллёз жана вирус чакырган ичеги-карын оорулары көп кездешерин айтты.
Sputnik
Курч жана жугуштуу ичеги-карын ооруларына дизентерия, сальмонеллёз, энтериттер, колиттер, гастроэнтериттер жана башка бир катар курч жугуштуу илдеттер кирет. Бул ооруларды көпчүлүк учурда бактерия жана вирус козгойт, оорулуу өзү ооруйт жана дени соо адамга илдет жугузуучу булак болуп калат. Бул тууралуу Перизат Анарбекова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, адамды микробдордон шилекей (лизоцим) жана ашказандагы туз кислотасы (пепсин) коргойт. Жайкысын суу көп ичкенде туз кислотасы жумшарып, инфекциядан аз коргоп калат.
"Бишкекте 2021-жылдын алгачкы алты айында ичеги-карын оорулары менен катуу жабыркаган 1090 адам катталса, быйыл алардын саны учурда 2507 учурга жетти. Болгону өткөн жылы коронавирустан улам адамдар гигиенаны сактап, жөнөкөй эле колду тез жууп тургандыктан ичеги-карын оорулары гана эмес, башка инфекциялык илдеттердин статистикасы төмөн болчу. Негизи жай айында катуу кармаган ичеги-карын инфекцияларынын баш көтөрүшү кадыресе эле көрүнүш. Бул илдеттер жашылча-жемиштерди тазалабай жегендиктен, кир суудан жана жеке гигиеналык эрежелерди сактабагандыктан болууда. Өлкөдө дизентерия, сальмонеллёз жана ротавирус, энтеровирус чакырган ичеги-карын оорулары көп кездешет. Бул оңой көрүнгөнү менен организм сууну өтө көп жоготкондо адам комага түшүп, өлүп калышы ыктымал. Оорунун алгачкы белгилери байкалар замат жашаган жериңиздеги же жакын жайгашкан үй-бүлөлүк дарыгерлер борборуна кайрылуу зарыл. Үй шартында өзүм билемдик менен дарылануу зыяндуу болушу мүмкүн", — деди Анарбекова.
Ал ичеги-карын ооруларын алдын алуу үчүн тамактанаардан мурда, ажатканадан кийин колду самындап жууп-чайкоо элементардык нерсе экенин эске салды. Өзгөчө кичинекей балдары бар энелер тырмагын өз убагында алып, ысыкта тамак-ашты кайра-кайра жылытып отурбай, бир жегидей кылып даярдоо маанилүү экендигин кошумчалады.