Европа мамлекеттери Россияга каршы санкциялардын жетинчи пакетин кабыл алды

Анда алтын боюнча тыюулар, экспорттук көзөмөлдүн жаңы чаралары, Сбербанктын активдерин тоңдуруу сыяктуу чектөөлөр бар.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. – Sputnik. Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин өкүлдөрү Россияга каршы санкциялардын жетинчи пакетин бекитти. Бул тууралуу Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Twitter баракчасы аркылуу билдиргенин РИА Новости жазды.
"ЕБге мүчө мамлекеттер Кремлге каршы күчөтүлгөн жана узартылган санкциялар боюнча макулдашууга жетишти. Мен муну канааттануу менен кабыл алдым. Бул нерсе Москвага катуу сигнал болот. Биз канча болсо ошончо басым жасай алабыз", – деди ал.
Кечээ күнү ЕБ мамлекеттеринин өкүлдөрү Россияга каршы санкциялардын жетинчи пакетин кабыл алды. Анда алтын боюнча тыюулар, экспорттук көзөмөлдүн жаңы чаралары, Сбербанктын активдерин тоңдуруу сыяктуу чектөөлөр бар. Мындан тышкары, жаңы 50 жеке жана юридикалык жактар тизмеге кирген.
Украинадагы абалга байланыштуу Москвага каршы санкциялардын бир нече пакети кабыл алынган. Президент Владимир Путин Россияны өнүктүрбөй токтотуу, алсыратуу бул Батыштын узак мөөнөттүү стратегиясы экенин айтып келет. Ал белгилегендей, АКШ менен Европанын негизги максаты миллиондогон адамдардын жашоо-шартын начарлатуу.
Еврокомиссия Россия санкцияларынан айыл чарба азыктарын алып салууну сунуштады