Ысык-Көлгө Эмомали Рахмон келди. Сүрөт

Аны "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келгенин министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Кыргызстанга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон келгенин министрлер кабинетинин маалымат кызматы кабарлады

2 / 2

Белгилүү болгондой, ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жыйынына катышат

Белгилүү болгондой, ал Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жыйынына катышат.
"Тажикстан президентин "Ысык-Көл" эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды", — деп айтылат маалыматта.
Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.
Чолпон-Атада өтчү Борбор Азия президенттеринин жолугушуусунун программасы