Футбол боюнча эл аралык мелдеште Кыргызстандын кыз-келиндери 3-орунду алышты

Кыргызстандын кыз-келиндери Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңген.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасы Борбор Азия мамлекеттеринин футбол ассоциацияларынын CAFA Women"s Championship турниринде 3-орунду алды.
Кыргыз футбол союзу маалымдагандай, байгелүү орундардын жыйынтыгы мелдештин акыркы күнүндө чечилген.
Турнирдин жыйынтыгы боюнча 1-орунду Өзбекстандын курама командасы алса, күмүш медаль Иранга ыйгарылган. Ал эми кыргызстандык кыз-келиндер Тажикстандын курама командасын 1:0 эсебинде жеңип, 3-орунга ээ болгон.
Төртүнчү орун Түркмөнстанга буюрса, Тажикстан бешинчи орунду алды. Иран курама командасына мелдештин Fair play сыйлыгы, Түркмөнстан командасына Special Award сыйлыгы тапшырылганы айтылды.
Радио
Сыдыков: FIFA кыздар футболун өнүктүрүүгө басым жасайт