Чолпон-Ата: коопсуздукту миңден ашык милиция кызматкерлери карайт

Бүгүн эртең менен Тамчы айылындагы аэропорттон Чолпон-Ата шаарына чейинки жол бир саатка толугу менен жабылары айтылган.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл.— Sputnik. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Чолпон-Ата шаарындагы консультативдик жолугушуусу учурундагы коопсуздукка бир миңден ашык милиция кызматкерлери көзөмөл кылат. Бул тууралуу аталган облустук ИИБден кабарлады.

"Буга милициянын миңден ашуун кызматкери тартылды. Шаардын негизги объектилеринде, ошондой эле делегация өтө турган багыттарда милициянын кайгуул кызматтары жана посттору тартипти жана коопсуздукту көзөмөлдөөдө", — деп айтылган маалыматта.

Эске салсак, бүгүн Чолпон-Ата шаарында бир нече сааттардан кийин Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жолугушуусу башталат.
Эртең Тамчыдан Чолпон-Атага чейинки жол бир саатка жабылат