Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Бошотулган Мариуполдо калыбына келтирүү иштери уланууда. Видео

Көп кабаттуу үйдөгү батирлер ички ремонту менен кошо жасалып, жашаганга ылайыкталгандан кийин жашоочуларга берилет. Ал эми жер тамдардын бардык шарттары, автоунаа токтотуучу жайы, спорттук аянтчасы болот.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Мариуполь шаарында курулуш иштери толугу менен тынымсыз жүрүп жатат. Бул туурасында РИА Новости Россиянын Коргоо министрлигинин аскердик-курулуш комплекстериндеги долбоор жетекчиси Олег Печенкинге шилтеме кылып билдирген.
Курулуштун видеосун РИА Новости өзүнүн Telegram-каналына жарыялады.
Печенкин көп кабаттуу алгачкы алты үйдү колдонууга октябрь айында, ал эми дагы алтоону ноябрда тапшыруу пландалып жатканын билдирди.
Көп кабаттуу үйдөгү батирлердин ичи менен кошо жасалып, жашаганга ылайыкталгандан кийин жашоочуларга берилет. Ал эми жер тамдардын бардык шарттары, автоунаа токтотуучу жайы, спорттук аянтчасы болот.
"Коргоо министрлиги үйлөрдү Донецк Элдик Республикасынын менчигине өткөрөт, ал эми республика батирлерди муктаж болгондорго квота менен берет. Тагыраагы, үйлөр элге бекер тиет", — деп билдирген ал.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Лавров атайын операциянын географиясы кандай учурда кеңейерин айтты