Кыргызстан Борбор Азия мамлекет башчыларын сый тамак, концерт менен узатты. Сүрөт

Сыйлуу конокторго концерттик программа тартууланып, "Достук салтанаты" оюну көрсөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. – Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров Чолпон-Атага келген Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларына сый көрсөтүп, узатты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 7

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Чолпон-Атага келген Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларына сый көрсөтүп, узатты

2 / 7

Белгилей кетсек, бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу болду

3 / 7

Жыйын аяктаган соң "Рух Ордо" маданий борборунда Садыр Жапаровдун атынан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан президенттерине сый тамак берилген

4 / 7

Мындан сырткары, аларга концерттик программа тартууланып, "Достук салтанаты" оюну көрсөтүлгөн

5 / 7

Садыр Жапаров конокторду жылуу кабыл алып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдери байыртан бери жанаша, ынтымакта жашап, бул чөлкөмдүн берекелүү жери тартуулаган бардык байлыктарды бирге бөлүшүп келгенин белгиледи

6 / 7

Мамлекет башчы бүгүнкү консультативдик жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдигин жана ынтымагын дагы бир жолу көрсөткөнүн белгилеген

7 / 7

Ошондой эле ал достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлганын эске салып, документ келечекте региондогу кызматташуунун пайдубалын бекемдейт деген бекем ишенимин билдирген.

Белгилей кетсек, бүгүн Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусу болду. Жыйын аяктаган соң "Рух Ордо" маданий борборунда Садыр Жапаровдун атынан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан президенттерине сый тамак берилген. Мындан сырткары, аларга концерттик программа тартууланып, "Достук салтанаты" оюну көрсөтүлгөн.
Садыр Жапаров конокторду жылуу кабыл алып, Борбор Азия өлкөлөрүнүн элдери байыртан бери жанаша, ынтымакта жашап, бул чөлкөмдүн берекелүү жери тартуулаган бардык байлыктарды бирге бөлүшүп келгенин белгиледи.
"Өлкөлөрүбүздү жалпы тарыхый, маданий жана руханий баалуулуктардын окшоштугу, жаркын жана бакубат келечек байланыштырып турат. Ата-бабаларыбыз түптөгөн ынак коңшулук, бири-бирибизди урматтоо салттарын улантуу менен кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрөбүз", — деген президент.
Мамлекет башчы бүгүнкү консультативдик жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдигин жана ынтымагын дагы бир жолу көрсөткөнүн белгилеген. Ошондой эле ал достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлганын эске салып, документ келечекте региондогу кызматташуунун пайдубалын бекемдейт деген бекем ишенимин билдирген.
Борбор Азия президенттери Ысык-Көлдө кол койгон документтердин тизмеси