Борбор Азия өлкө башчыларынын саммитине Россия менен Кытайды чакыруу сунушталды

Касым-Жомарт Токаев Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 21-июл. — Sputnik. Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушууларына Россия менен Кытайдын өкүлдөрүн чакырууну сунуштады.
Ал Чолпон-Атада өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышууда.
"Кытай менен Россияны дагы бул саммитке чакырышыбыз керек. Бул Борбор Азияга пайда гана алып келет, өзгөчө конкреттүү маселелерди кароодо жардамы тиерине ишенем",  — деди казак лидери.
Ошондой эле ал негизи эле бир гана аймактагы өлкөлөр менен чектелбөөнү сунуштады.
Токаев: Борбор Азияда атылган ар бир октун үнү бүт аймакка оор болуп жаңырып турат