Чолпон-Ата сапары. Борбор Азия президенттеринин жолугушуусунун видеосу

Президенттердин кийинки жолугушуусу эми Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өтө турган болду.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бүгүн, 21-июлда, Кыргызстандын Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусу өттү. Президенттин маалымат кызматы бул маанилүү иш-чара боюнча жасалган видеону таратты.
Жолугушууга Казакстан башчысы Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан жетекчиси Эмомали Рахмон, Түркмөнстан менен Өзбекстан президенттери Сердар Бердымухамедов, Шавкат Мирзиёев келип, иш-чарага президент Садыр Жапаров төрагалык кылды.
Мамлекет башчылар Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев, Шавкат Мирзиёев биргелешкен билдирүүнү кабыл алышты. Мындан тышкары, XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту.
Жыйын аяктаган соң "Рух Ордо" маданий борборунда Садыр Жапаровдун атынан Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан президенттерине сый тамак берилген. Ошондой эле аларга концерттик программа тартууланып, "Достук салтанаты" оюну көрсөтүлгөн.
Садыр Жапаров бүгүнкү консультативдик жолугушуу Борбор Азия өлкөлөрүнүн биримдигин жана ынтымагын дагы бир жолу көрсөткөнүн белгилеген. Ошондой эле ал достук, ынак коңшулук жана кызматташтык келишимине кол коюлганын эске салып, документ келечекте региондогу кызматташуунун пайдубалын бекемдейт деген бекем ишенимин билдирген.
Президенттердин кийинки жолугушуусу эми Тажикстандын борбору Душанбе шаарында өтө турган болду.
Борбор Азия президенттери Ысык-Көлдө кол койгон документтердин тизмеси