"Урматтуу аксакалга ийгилик каалайм". Жапаров саммит төрагалыгын Рахмонго өткөрдү

Бүгүн Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусу өттү.
Sputnik
ЧОЛПОН-АТА, 21-июл. — Sputnik. Борбор Азия өлкөлөрүнүн башчыларынын кийинки консультативдик жолугушуусу Душанбе шаарында болорун президент Садыр Жапаров билдирди.
Эске салсак, Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жетекчилери Чолпон-Атага консультативдик кеңешке чогулган. Жыйында Жапаров бардык катышуучуларды иш-чаранын өтүшү менен куттуктады.
"Консультативдик жолугушуунун төрагалыгын Тажикстанга канааттануу менен өткөрүп берем. Урматтуу аксакал, Тажикстан президенти Эмомали Шариповичке ийгиликтүү жана майнаптуу төрагалык каалайм. Душанбеде көрүшкөнгө чейин", — деген Садыр Жапаров.
Бүгүнкү Чолпон-Атада өткөн саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстан президенттери катышты.
Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан ынак коңшулук, кызматташтык келишимине кол койду