Бишкектеги эки көчөнүн кесилишине жол чырак коюлду

Аны менен катар жол белгилери орнотулуп жана чийилип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Бишкек шаарынын Күрөңкөев — Үсөнбаев жана Күрөңкөев — Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишине жаңы жол чырактар коюлду. Бул тууралуу калаа мэриясынын маалымат кызматы билдирди.
Орнотуу иштери Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын Адистештирилген монтаж-эксплуатациялык башкармалыгы тарабынан жасалууда.
Ошондой эле "Бишкек асфальт сервис" муниципалдык ишканасынын тиешелүү жол белгилерин орнотуп жана чийип жатат.
Бишкектеги көчөлөрдүн бири убактылуу жабылат. Карта