Балыкчыга аскер техникаларын оңдоочу пункт салынат. Россия көмөктөшөрү айтылды

Аскердик объектини даярдоого бюджеттен 51 миллион сом бөлүнөт.
Sputnik
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүнүн аймагында курал-жарактарды жана аскердик техникаларды тейлөө, оңдоо үчүн мобилдик пунктунун курулушу башталды. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Балыкчы шаарындагы аскер бөлүгүнүн аймагында курал-жарактарды жана аскердик техникаларды тейлөө, оңдоо үчүн мобилдик пунктунун курулушу башталды

2 / 5

Завод курула турган жер тиешелүү инфраструктураны эске алуу менен тандалганы белгиленди

3 / 5

Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, Россия тарап керектүү жабдуулар менен камсыз кылат

4 / 5

Ал эми кыргыз тарап курулуштун аянтын жана инженердик системаларды монтаждоо үчүн аймакты даярдайт

5 / 5

Бүгүнкү күндө оор жүк ташуучу автоунаалар менен жабдуулардын биринчи партиясы жана аларды орнотуучу адистер келгенин, калган техникаларды 10 күндүн ичинде ташып жеткиришерин билдиришти.

Завод курула турган жер тиешелүү инфраструктураны эске алуу менен тандалганы белгиленди.
Мурда жетишилген макулдашууларга ылайык, Россия тарап керектүү жабдуулар менен камсыз кылат. Ал эми кыргыз тарап курулуштун аянтын жана инженердик системаларды монтаждоо үчүн аймакты даярдайт.
"Бүгүнкү күндө берилген жабдууларды орнотуу үчүн аймакты даярдоо иштери жүргүзүлүүдө. Курулушту аяктап, заводду ишке киргизүү үстүбүздөгү жылдын күз айына пландаштырылган. Ал үчүн бюджеттен 51 миллион сом бөлүндү", — деп айтылат.
Бүгүнкү күндө оор жүк ташуучу автоунаалар менен жабдуулардын биринчи партиясы жана аларды орнотуучу адистер келгенин, калган техникаларды 10 күндүн ичинде ташып жеткиришерин билдиришти.
Аталган объектинин башкы подрядчысы — Коргоо министрлигинин "Аскер курулуш" мамлекеттик ишканасы.
Караколго 2000 орундуу маданий борбор курулат. Төрт эскиз талкууга коюлду