БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Республикалык штаб баласы коронавирус менен ооруп калган ата-энелерге кеңеш берди.
"Биринчи кезекте педиатрга же үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылып, аларга оорунун бардык белгилерин айтып берүү зарыл. Эгер илдеттин жеңил (же симптомсуз) түрү болсо, анда үй шартында дарылаңыз", — деп айтылган маалыматта.
Республикалык штаб сунуштаган, баланы үй шартында дарылоонун ыкмалары:
Жылуу суюктукту көп берген оң. Бул вирустук интоксикацияны, ысытманы тез басууга, ошондой эле жөтөлдү жана ангинаны басаңдатууга жардам берет;
Баланын колуна телефон карматпай эс алдырыш керек;
Дарыларды медиктин дайындоосу менен гана колдонуңуздар;
Көпчүлүк учурларда дары-дармек талап кылынбайт, анткени COVID-19 балдарда көбүнчө жеңил өтөт;
Эгерде кичинекейдин абалы начарлап кетсе, дароо 103 телефонуна чалыңыз. Тез жардам кызматы күнү-түнү иштейт.