Кыргызгидромет Баткен облусунун айрым аймактарын байкоого албайт. Мына ушул жерлерде күндүн табы 20-25-июль аралыгында +45, +47 градуска чейин жетиши мүмкүн. Бул тууралуу Асылбүбү Маткеримова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ысык аба ырайы 20-25-июль аралыгында эле эмес, айдын аягына чейин кармалып турат.
"Быйыл июль, август айларынын температурасы нормадан жогору болорун болжолдоп жатабыз. Күндүн табы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +42 градуска чейин жетет. Бирок биз байкоо жүргүзбөгөн жерлер да бар. Аларга Баткен облусунун Өзбекстан жана Тажикстанга жакын аймактары кирет. Бул жерлерде күндүн табы +45, +47 градуска чейин жетиши мүмкүн. Анткени Өзбекстан өкмөтү да июль айынын үчүнчү жарымында кээ бир аймактарында ысык +45, +47ге чейин жетүү ыктымалдыгын билдирген. Баткен облусунун Өзбекстан жана Тажикстанга жакын өрөөндөрүндөгү аба ырайы боюнча маалыматка ушул мамлекеттердин синоптиктеринин божомолу көбүрөөк туура келет", — деди Маткеримова.
Ал аптаптуу күндөрдө өрт чыгуу коркунучу жогору болорун, жарандар муну эске ала жүрүү зарылдыгын кошумчалады.