БИШКЕК, 21-июл. – Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББдин маалымат кызматы кабарлады.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Билдирмеге караганда, Т.А. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, Э.Г. аттуу аял бала бакчага документ жасап берем деген шылтоо менен ири суммадагы акчасын алып ошол бойдон кайтарып бербей жатканын айткан.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси ("Алдамчылык") боюнча кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
"Аламүдүн РИИБдин Кылмыш иликтөө кызматы 39 жаштагы аялды колго түшүрүп, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизди", — деп айтылат маалыматта.
Азыркы тапта кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, шектүүнүн ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы текшерилүүдө. Андан жапа чеккендер болсо, милиция Аламүдүн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн телефондоруна 0312 36 35 27, 0312 36 35 23 чалууну өтүндү.