БИШКЕК, 21-июл. – Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден эч качан өз алдынча чечим кабыл ала албагандыктан аны көптөр көзгө илбейт. Бул тууралуу The Washington гезитинин редактору Чарли Херт Fox News телеканалынын эфиринде билдирди.
"Ал лидер эмес, ал жетеленме адам. Өмүр бою ошол жакты сагаалап жүргөн, вашингтондук картайып калган бирөөнү... Барак Обама аны вице-президент кылып койгон", — деди Херт.
Анын айтымында, Байден жашоосунун көпчүлүк бөлүгүн саясий айдыңда өткөрүп, лидерлик сапаты такыр эле жок экенин далилдеген.
"Сенатор болуп турган кезинде ал микрофон сыяктуу болчу. Ага чын-калпына карабастан бир нерсени айттыртып алуу мүмкүн эле. Бирок анын кебин гезиттен окуганда деле эч ким маани берчү эмес. Себеби бул кишини көптөр тоготпойт. Мындай адам экс-президент Барак Обама үчүн вице-президент катары абдан ыңгайлуу болгон", — деди ал.
Журналисттин пикиринде, кайсы бир күнү Байдендин анын ордун баса турганы АКШнын 44-президентинин үч уктаса да түшүнө кирген эмес. Бирок АКШнын башына дал ушул адам келип отурат. Байдендин президенттик ыйгарым укуктары аны кооптуу адамга айлантканы белгиленди.
Байден быйыл 80 жашка толот. Ал АКШнын тарыхындагы эң улгайган президент. Сынчылар ал акылдан тайып калганын айтып, сындап келишет.
Буга чейин анын расмий иш-чаралар учурунда калпыстык кетирип, сөзүнөн жана басып турганда адашып алганы бир нече ирет коомчулуктун көзүнө илинген.