Жардан кулап кеткен. Жети-Өгүздө 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

Ал козу карын тергени Барскоон шаркыратмасынын аймагына кеткен боюнча дайынсыз болуп жаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда изделип жаткан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

2 / 2

Билдирмеге караганда, 19-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамасында 15 жаштагы өспүрүм козу карын тергени Барскоон шаркыратмасынын аймагына кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

Билдирмеге караганда, 19-июль күнү болжол менен саат 18:00 чамасында 15 жаштагы өспүрүм козу карын тергени Барскоон шаркыратмасынын аймагына кеткен боюнча дайынсыз болуп жатканы кабарланган.
"Аны издөө иштерине райондук милициянын кызматкерлери жана жергиликтүү тургундар катышып, сөөгү Барскоон — Кумтөр жолундагы көпүрөнүн жанынан табылган. Алдын ала маалыматтар боюнча, бала жардан кулап кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМден кечээ издѳѳ иштерине Тоң районунан төрт, Жети-Өгүз районунан 12 куткаруучу барганын, издөө түнкү саат 11де издөө токтотулганын билдиришти. Таңкы саат 05:20да баланын сөөгүн туугандары таап, тоодон ойго Өзгөчө кырдаалдар бөлүгүнүн адистери түшүрүп беришкен.
Аталган факт Жети-Өгүз РИИБдин электрондук журналына катталып, өспүрүмдүн өлүмүнүн себептерин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Чоң-Алайда аюу кол салган чек арачы каза болуп калды