Токаев менен Мирзиёев кыргыз элинин маданияты менен таанышты. Жайдары сүрөттөр

Президенттерди алп баатырлар менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алды.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Коңшу өлкөлөрдүн президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлдө этномаданий туризм менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчы Садыр Жапаров кесиптештери менен Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде Борбор Азия мамлекет башчыларынын IV консультативдик жолугушуусунун алкагында уюштурулган этномаданий программаны көрдү.
1 / 8

Коңшу өлкөлөрдүн президенттери Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзиёев Ысык-Көлдө этномаданий туризм менен таанышты

2 / 8

Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди

3 / 8

Мамлекет башчы Садыр Жапаров кесиптештери менен Бостери айылындагы Nomad этнокомплексинде Борбор Азия мамлекет башчыларынын IV консультативдик жолугушуусунун алкагында уюштурулган этномаданий программаны көрдү

4 / 8

Президенттерди алп баатырлар менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алды

5 / 8

Андан соң алар кол өнөрчүлөр аллеясындагы боз үйлөрдүн жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттары менен таанышып, музыкалык аспап, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларын кыдырып чыгышты

6 / 8

Ошондой эле салбурун элементтери камтылган салттуу аңчылык, кыз куумай, каскадёрлордун оюн-зооктору көрсөтүлдү

7 / 8

Мындан кийин бейформал сый тамакка киришти

8 / 8

Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Nomad" этнокомплексинде Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында уюштурулган этномаданий программасы

Президенттерди алп баатырлар менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алды.
Андан соң алар кол өнөрчүлөр аллеясындагы боз үйлөрдүн жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттары менен таанышып, музыкалык аспап, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларын кыдырып чыгышты.
Ошондой эле салбурун элементтери камтылган салттуу аңчылык, кыз куумай, каскадёрлордун оюн-зооктору көрсөтүлдү. Мындан кийин бейформал сый тамакка киришти.
Көлдө Жапаров, Токаев, Мирзиёев кеме менен сейилдеди. Видео