Талас дарыясынан 16 жана 18 жаштагы бир туугандардын сөөктөрү табылды

Карындашынын сөөгү суу үстүндө калкыган абалда, агасынын сөөгү суу түбүнөн табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Талас дарыясынан бир туугандардын сөөктөрү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2

Талас дарыясынан бир туугандардын сөөктөрү табылды

2 / 2

Билдирмеге караганда, 18 жаштагы У.Э. аттуу улан жана 16 жаштагы У.К. аттуу кыз 19-июлдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарланган

Билдирмеге караганда, 18 жаштагы У.Э. аттуу улан жана 16 жаштагы У.К. аттуу кыз 19-июлдан бери дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу кабарланган. Такталган маалымат боюнча, экөө бир тууган болгон.
"19-июлда ИИБ кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүп, 20-июль күнү аларга ӨКМдин беш куткаруучусу кошулган. Натыйжада бир туугандардын биринин сөөгү Талас дарыясынан саат 11:20 чамасында суу үстүндө калкыган абалда табылган", — деп айтылат маалыматта.
Агасынын сөөгү жарым сааттан кийин суунун түбүнөн табылганы кошумчаланды.
Жардан кулап кеткен. Жети-Өгүздө 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды