СССРде өткөн Олимпиада-80. Тарыхый видео

Мындан 42 жыл мурда, бул күндөрү СССРде Олимпиада-80 салтанатынын оту жанган. Социалисттик республикада өткөн биринчи олимпиадалык оюндар тууралуу Sputnik агенттиги даярдаган видеону сунуштайбыз.
Sputnik
Бул олимпиаданы өткөрүү үчүн Москва менен Лос-Анжелес таймашкан. Бирок УОК мүчөлөрү эки добушту көбүрөөк берип, СССРдин борборун тандашкан.
Совет аскерлерин Афганистанга киргизгени үчүн АКШ жана дагы 64 өлкө иш-чаранын Москвада өтүшүнө бойкот жарыялашкан. Ага карабай оюндардын жыйынтыгында СССР медалдык эсепти ишенимдүү жеңип алган. Олимпиада-80 оюндарын "Москваныкы" деп аташканы менен мелдеш СССРдин бир нече шаарында өткөрүлгөн. Алардын ичинде Ленинград, Минск, Киев жана Таллин бар. Бул шаарларда салынган спорткомплекстер жана инфраструктуралык объектилердин көбү азыркыга чейин колдонулат.